Мазмунга өтүү

Тонга

Википедия дан

Тонга Королдугу
тонга Puleʻanga Fakatuʻi ʻo Tonga
англ. Kingdom of Tonga

Герб
Туу Герб
Урааны: «Ko e ʻOtua mo Tonga ko hoku tofiʻa
(Кудай жана Тонга — менин мурасым)»
Гимн: «Ko e fasi ʻo e tuʻi ʻo e ʻOtu Tonga»
«Тонга аралдарынын падышасынын ыры»
Эгемендүүлүк күнү 4-июнь 1970-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили тонга тили, англис тили
Борбор шаары Нукуалофа
Ири шаарлар Нукуалофа, Неиафу
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Король
Премьер-министр
Тупоу VI
Сиаоси Офакивахафолау Совалени
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
172-орун - дүйнөдө
748 км²
4
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

108,603 адам (199-орун)
139 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

655 млн $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

493 млн $
4,888 $
АДӨИ  0,739 (жогору) (98-орун)
Этнохороним тонгалык, тонгалыктар
Акча бирдиги Паанга (TOP, коду 776)
Домени .to
ISO коду TO
ЭОК коду TGA
Телефон коду +676
Убакыт аралыгы UTC +13:00

Тонга (англ. Tonga), расмий аталышы Тонга Королдугу (тонга Puleʻanga Fakatuʻi ʻo Tonga, англ. Kingdom of Tonga) — Полинезиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Самоа, чыгышынан Ниуэнин аймактык суулары, батышынан Фижинин суулары менен чектешет. Жээк тилкесинин узундугу 419 км. Тонга архипелагынын 177 аралында жайгашкан. Жалпы аянты — 748 км². Калкынын саны — 108,603 адам (2024)[1]. Борбору — Нукуалофа шаары.

Тонга аралдарын 1616-жылы голландиялык Виллем Схаутен жана Якоб Лемер саякатчылары ачышкан. 1900-жылы архипелаг Британиянын алдындагы мамлекетке айланган. Бирок, Тонга өзүн-өзү башкаруунун бардык укуктарын сактап калган. Аралдын, Улуу Британиядан көз карандысыздыгы 1970-жылы жарыяланган. Тонга Бириккен Улуттар Уюмунун[2], Түштүк Тынч океан комиссиясынын жана Тынч океан аралдары форумунун мүчөсү.

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Полинезиянын көптөгөн тилдеринен которгондо Tonga cөзү «түштүк» дегенди маанини билдирет[3]. Архипелаг бул аталышты Полинезияны биринчи колониялаштыруу процесстери башталган Самоа аралдарынын түштүгүндө жайгашкандыктан алган деген божомолдор бар. Тонгалыктары өздөрү өлкөсүнүн атылышын «бакча» деп которушат[4][5].

Бул аралдарды, 1773-жылы англиялык саякатчы Жеймс Кук «Достук аралдары» (англ. Friendly Islands) деп атаган[3].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Географиялык абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Полинезияда жайгашкан Тонга мамлекети — Тынч океанынын түштүгүндө жайгашкан, жанар тоо жана кораллдардан турган аралдардын тобунан турат. Өлкөнүн борбору Нукуалофа шаары, Жаңы Зеландиянын эң чоң шаары болгон Оклендден түндүк-чыгышында 1770 чакырым алыстыкта жана Фижинин борбору Суванын түштүк-чыгышында 690 чакырым алыстыкта жайгашкан[6].

Тонганын жалпы аянты 748 км². Анын ичинен кургактыктар — 718 км², суу бети — 30 км²[7]. Өлкө 172 аралда жайгашкан, алардын 36 аралында гана эл жашайт (калк жашаган аралдардын аянты болжол менен 650 км²)[8]. Падышалыкты түзгөн эң ири арал топтору: Вавау аралдары, Тонгатапуаралдары жана Хаапай аралдары. Аянты жагынан орточо келген Ниуас аралдары — Ниуафоу, Тафахи жана Ниуатопутапу үч кичинекей аралдардан турат жана бул аралдар өлкөнүн эң түндүккү аралдары болуп саналат.

Тонга архипелагы түндүк-чыгыштан түштүк-чыгышка болжол менен 631 км, ал эми түштүк-чыгыштан түндүк-батышка болжол менен 209 км созулуп жатат[6].

Эң маанилүү аралдары болуп Тонгатапу (борбор шаары жайгашкан), Вавау, Ниуатопутапу, Ниуафоу, Тафахи, Хаапай жана Эуа аралдары саналат.

1033 метрге жеткен өлкөнүн эң бийик чекити Као аралында жайгашкан[7].

Тонга Падышалыгынын эң түндүккү аралы — Ниуафоу аралы, эң чыгышкы аралы — Тафахи аралы. Эң түштүккү жана ошол эле учурда эң батышкы аралы — Ата аралы.

1972-жылы 24-январда Тонга Падышалыгы түштүгүндө жайгашкан Минерва рифтерине өз дооматтарын коюп, ушул эле жылдын 15-июнда өз курамына кошуп алган (аннексия). Бул аннексиянын натыйжасында өлкөнүн аймактык сууларынын аянты кыйла кеңейген. Тонганын мындай кадамы Түштүк Тынч океан форуму тарабынан таанылган. Ошого карабастан, Минерва рифтери Фижи тарабынан азыркыга чейин талашууда.

Геология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-жылдын ноябрында жанар тоонун активдүүлүгүнөн жаңы түптөлгөн аралдын космостон тартылган сүрөтү.
Айрым Тонга аралдарынын жээктери абдан тик жана жарлуу.
Архипелагдагы көптөгөн аралдар коралл рифтери менен курчалган.

Тонга архипелагы Тынч океанынын жана Австралиянын литосфералык плиталарынын чек арасында, терең деңиз кобулунун батышында жайгашкан жана бири-бирине параллель жаткан суу астындагы эки кырка тоолордун чокуларында жайгашкан вулкандык, көтөрүлгөн кораллдык аралдарын жана рифтердин жыйындысы[9]. Эуа аралында табылган эң байыркы тоо тектеринин үлгүлөрү эоцен дооруна таандык. Бул аралдар көп жылдар бою суу астында болушкан. Тонга аралдарынын пайда болуушунун так убактысы белгисиз. Эуа сыяктуу байыркы аралдар болжол менен 5 миллион жыл мурун же андан аз убакыт мурун пайда болгон деген да окумуштуулардын божомолдору бар. Ошондой эле кээ бир аралдар кеч миоценде, атүгүл неогенде пайда болгон деп божомолдоого болот[10].

Жанар тоолук аралдарга Хаапай арарлдар тобундагы Ата, Хунга-Хаапай, Хунга-Тонга, Хао жана Тофуа аралдары кирет; Вавау арарлдар тобундагы Латте жана Фонуалей аралдары кирет жана Ниуас тобундагы эки аралы дагы жанар тоонун активдүүлүгүнөн пайда болушкан. Алар түштүктөн түштүк-чыгышка жана түндүк-батышка созулган жанар тоо тоо кыркаларында пайда болгон. Бул тоо кыркалардын аймагында жанар тоолордун атылышынын натыйжасында, азыркы учурда активдүү геологиялык процесстер байкалууда[9].

2015-жылдын январында Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай жанар тоосунун атылышынын натыйжасында жаңы жанар тоо аралын пайда болгон[11]. 2015-жылдын март айынын башына карата алынган маалыматтар боюнча, аралдын узундугу — 1,8 км, туурасы — 1,2 км түзгөн. Жаңы аралдын пайда болуу процессин геологдор, деңиз кызматтары жана жергиликтүү тургундар кемелерден, жеке кайыктардан жана космостон, спутниктердин жардамы менен байкап турушкан. Жаңы арал Хунга-Хаапай аралына кошулган[12].

Архипелагдын кээ бир аралдары, мисалы, Ниуас аралдары сыяктуу тосмо жана жээк рифтери менен курчалган. Вавау аралдар тобу негизинен бийик жанар тоолук аралдардан турат, ошондой эле рифтер менен курчалган. Хаапай тобундагы аралдардарда негизинен бийик жанар тоолук же жапыз акиташ тоо тектеринен турган аралдар кездешет. Тонгатапу жана Эуа аралдары акиташ тоо тектүү[9].

Тонгатапу аралына тегиз рельеф мүнөздүү, аралдары адырлар жана дөңсөлөр болжол менен 30 м бийиктикке жетет. Аралдын кораллдар турган негизин 3 м тереңдикке чейин жанар тоо күлү менен капталган[13].

Акыркы эки жүз жылдын ичинде аралдарда 35тен ашык жанар тоо атылышы катталган[14]. Бийиктиги 515 метр болгон Тонгадагы ири жанар тоолордун бири Тофуа аралында жайгашкан, ал суу астындагы стратовулканын чокусу болуп саналат. Жанар тоонун кальдирасынын туурасы 5 км, ошондой эле кальдирада тузсуз көл орун алган[15]. Акыркы катталган жанар тоо атылуусу 1960-жылы болгон. Өлкөнүн эң бийик жанар тоосу Хао аралында жайгашкан, ал деңиз деңгээлинен 1030 метр бийиктикке чейин жетет[16]. Башка ири жанар тоолор Фонуалеи, Лате, Ниуафооу аралдарында кездешет. аймактагы жанар тоолук активдүүлүктүн уланышы көбүнчө кичинекей эфемердик аралдардын пайда болушу менен коштолот. Мисалы, 2006-жылы жанар тоо атылгандан кийин кичинекей арал жана Метис рифи пайда болгон. 1995-жылы жанар тоо атылгандан кийин диаметри 280 метр жана бийиктиги 43 метр болгон арал пайда болгон[17].

Тонга аралдарында ири минералдык жана тоо кендери жок. Кум жана акиташ теги аз көлөмдө казылып алынат[18]. Бирок 2008-жылы өлкөнүн аймактык сууларынан цинк, жез, күмүш жана алтындын ири кендери табылган[19].

Климат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тонганын климаты ысык, тропикалык жана түштүк-чыгыштан соккон пассаттардын таасири астында.

Топурак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тонга аралдарындагы топурактардын көбү негизинен жанар тоо тектеринен туруп, түшүмдүү келет. Курамында коралл жана башка тектердин бөлүктөрүн камтыйт[18]. Бул топурактар эң жагымдуу физикалык касиеттерге ээ: алар майда, жакшы структураланган, сууну сиңирүүсү жакшы. Топурактын түрлөрү кычкылдан щелочтукка чейин, курамында кальций менен магнийдин көрсөткүчтөрү жогору, катион алмашуу сыйымдуулугу жогору жана негиздер менен каныккан.

Тонга аралынын топурактары түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, эгин өстүрүүгө да, жайыттарды уюштурууга да ылайыктуу. Айрым жээк аймактарындагы топурактар туздуу (шор) келет[13].

Суу ресурстары (гидрология)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вавау аралдарындагы лагуна

Арарлдарда таза суунун чектелген гана туруктуу булактары бар. Суу топуракта көпкө сакталбагандыктан жана бат эле жерге сиңип кетишинен, жашоочулар негизинен чатырдан бетон цистерналарга топтолгон жамгыр суусун же кичинекей кудуктардагы сууну колдонушат. Жер астындагы суу катмарлары, кичинекей көлдөр жана сайлар жанар тоолук аралдарда жайгашкан[18].

Көлдөрдү Вавау, Ниуафооу, Номука аралдарынанан, ал эми кичинекей дарыяларды Эуа жана Ниуатопутапу аралдарынын кездештирсе болот[20].

Флора жана фауна[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нымдуу тропикалык климаттын аркасында көптөгөн Тонга аралдары жыш өсүмдүктөр менен капталган (Эуа аралынын сүрөтү)


Административдик-аймактык түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тонганын картасы

Аймактык жактан Тонга Падышалыгы беш административдик округдарга бөлүнөт: Вавау, Ниуас, Тонгатапу, Хаапай жана Эуа[21][22].

Округдар өз кезегинде райондорго жана айылдарга бөлүнөт[23]:

  • Вавау округунун курамына Неиафу, Леиматуа, Хахаке, Пангаимоту, Хихифо жана Моту атылышындагы 6 район кирет[24].
  • Ниуас округунун курамына Ниуатопутапу и Ниуафооу атылышындагы 2 район кирет[25].
  • Тонгатапу округунун курамына Колофооу, Коломотуа, Ваини, Татакамотонга, Лапаха, Нукунуку жана Коловаи атылышындагы 7 район кирет[26].
  • Хаапай округунун курамына Лифука, Фоа, Уиха, Лулунга, Кауваи-Хаано жана Муомуа атылышындагы 7 район кирет[27].
  • Эуа округунун курамына Эуа-Мотуа жана Эуа-Фооу атылышындагы 2 район кирет[28].
Округ Англисче аталышы Административдик борбору Жалпы аянты,

км²

Калк жашаган аралдардын аянты,

км²

Калкы,[29]

адам (2016)

Жыштыгы,

адам/км²

1 Вавау Vava’u Неиафу 194 119 13 738 114
2 Ниуас Niuas Хихифо 75 72 1232 17
3 Тонгатапу Tongatapu Нукуалофа 266 261 74 611 286
4 Хаапай Ha’apai Пангаи 126 110 6125 56
5 Эуа 'Eua Охонуа 87 87 4945 57
Жалпы 748 649 100 651 155

Саясий түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Падыша[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мыйзам чыгаруу бийлиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аткаруу бийлиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сот бийлиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шайлоо округдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясий партиялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Куралдуу күчтөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Укук коргоо органдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык тармагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Тонганын калкынын саны.
  2. БУУ мүчө мамлекеттер. Тонга.
  3. 3.0 3.1 US Department of State. Тонга.
  4. Тонга падышалыгы.
  5. Тонганы зыянкеч флорадан жана фаунандан сактоо.
  6. 6.0 6.1 Тонганын жайгашкан жери жана аянты.
  7. 7.0 7.1 CIA. The World Fact Book. Тонга
  8. Ms Lu’isa Tupou Veihola Tu’i’afitu. National Circumstances // The Kingdom of Tonga’s Initial National Communication. In response to its commitments under the United Nations Framework Convention on Climate Change.
  9. 9.0 9.1 9.2 Edward R. Lovell, Asipeli Palaki. Introduction // National coral reef status report Tonga.
  10. David W. Steadman. Extinction & Biogeography of Tropical Pacific Birds. — University of Chicago Press, 2006. — С. 21. — 594 с. — ISBN 0226771423.
  11. Lenta.ru. Тынч океанында жаңы арал пайда болду.
  12. Окумуштуулар: Тынч океанындагы жанар тоо атылып, жаңы арал пайда болду.
  13. 13.0 13.1 Жайыт жана тоют ресурстары боюнча малыматтар. Тонга.
  14. Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Tofua.
  15. U.S. Geological Survey. Tonga Volcanoes and Volcanics.
  16. Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Kao.
  17. Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Metis Shoal.
  18. 18.0 18.1 18.2 Robert Thistlethwaite, David Sheppard, Netatua Prescott. 2.1.6 Mineral resources // The Kingdom of Tonga: action strategy for managing the environment.
  19. Teck Cominco Discovers Four High-grade Copper-Gold-Zinc SMS Systems in Tonga.
  20. Калктардын энциклопедиясы. Тонга. Топография.
  21. Тонганын аймактык бирдиктери.
  22. Тонгадагы жергиликтүү бийликтер.
  23. Populationfor distribution by division, district, village by population change, Tonga: 1996 & 2006
  24. Вавау округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  25. Ниуас округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  26. Тонгатапу округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  27. Хаапай округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  28. Эуа округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  29. Census of Population and Housing (2016).

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]