Окуу режими

3,4
3,18 миң сын-пикир
500 миң+
жолу жүктөлүп алынды
Мазмун рейтинги
Баары
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

Көрүүсү начар, азиз жана дислексиясы бар адамдарга арналган Окуу режими ыңгайлаштырылуучу контраст, тексттин өлчөмү, кеп синтезатору, барактагы башаламандыкты жана арип түрүн тууралап, экрандагы тексттерди сапаттуу угууга жардам берет. Жүктөп алгандан кийин колдонмо ыкчам параметрлерге бириктирилип, колдонмолордон жана веб беттерден оңой кирүүгө мүмкүн болот.

Нускамалар:

Баштоо үчүн:

1. Play Store аркылуу Окуу режимин жүктөп алып, орнотуңуз
2. Окуу режимин башкы экрандан таап, ачуу үчүн таптаңыз
3. Үйрөткүчтү окусаңыз, ал акырында сизди параметрлерге багыттайт
4. Окуу режими түзмөгүңүзгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн, параметрлерден “Окуу режимин” таптап, “Окуу режиминин ыкчам баскычын” күйгүзүңүз
5. Окуу режиминин ар кандай кирүү түйүндөрүн тууралоо үчүн https://support.google.com/accessibility/android/answer/7650693 бөлүмүн караңыз

Негизги функциялар:

Ынтаа коюп окуу: Окуу режими ыңгайлаштырылуучу окуу чөйрөсүн башаламандыктан арылтып, текстти оңой жана ынтаа коюп окуу мүмкүнчүлүгүн берет
Кеп синтезатору: Баскычты бир жолу басып, жазылган мазмунду угуңуз. Жогорку сапаттагы үндөрдөн тандаңыз. Жолдо жүргөндө аудиону башкаруу параметрлерин оңой пайдаланып, аудиону артка же алдыга түрдүрүп, окуу ылдамдыгын өзгөртөсүз
Арип түрүн жана өлчөмүн тууралайсыз: Текстти окууга ыңгайлаштыруу үчүн арип өлчөмдөрүн, стилин, түсүн жана сап аралыктарынын ортосунда тез которуласыз
Ыкчам ачуу мүмкүнчүлүгү: Жүктөп алгандан кийин ыкчам кирүү үчүн Окуу режими телефондун интерфейсине бириктирилет
Көптөгөн тилдер колдоого алынат: Окуу режиминде англисче, французча, итальянча жана испанча, ошондой эле кошумча тилдер колдоого алынат
Talkback функциясы менен шайкеш: Экрандагыны окугучту колдонууда Окуу режимин оңой пайдаланасыз.
Купуялыкты эске алуу менен иштелип чыккан: Мазмун телефонуңузда гана сакталат.

Пикир билдирүү жана кызмат тууралуу жаңыртууларды алуу үчүн төмөнкүгө кошулуңуз: https://groups.google.com/forum/#!forum/accessible.

Талап:

• Android 9 жана андан кийинки телефондордо жеткиликтүү
• Учурда Окуу режиминде англисче, французча, итальянча, испанча тилдер колдоого алынат

Уруксаттар жөнүндө эскертүү:
• Атайын мүмкүнчүлүктөр кызматы: Бул колдонмо атайын мүмкүнчүлүктөр кызматы болгондуктан, аракеттериңизге көз салып, терезелердеги нерселерди окуп турат.
Качан жаңырды
2023-ж., 17-окт.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
Үчүнчү тараптар менен маалымат бөлүшүлбөйт
Иштеп чыгуучулар маалыматтардын бөлүшүлүшү жөнүндө кантип кабар берерин билип алыңыз
Бул колдонмо маалыматтардын мындай түрлөрүн топтошу мүмкүн
Колдонмо жана анын иштеши тууралуу маалымат жана Түзмөк же башка идентификаторлор
Маалымат шифрленип өткөрүлөт

Баалар жана сын-пикирлер

3,4
3,08 миң сын-пикир

Эмне жаңылык

Окуу режиминин баштапкы чыгарылышы.